2023-03-13

ЭРТЕҢ МЕНЕНКИ ТҮРК ТАМАКТАРЫ МЕНЕН ТААНЫШУУ


Университетибиздин Чет тилдер жогорку мектебинин даярдоо курсунда билим алган 421-дарскананын студенттери 3-ара сынакты тапшыргандан кийин, жаздын келишин тосуу максатында, ошондой эле сынактан кийинки чарчоодон арылуу максатында чогулуп, окутуучусу Мехмет Акиф Сүмер тарабынан уюштурулган эртең мененки түрк тамактары менен тамактанышты. "Коом жана адам" бөлүмүнүн "Адам - коомдүн мүчөсү" темасына киришүү катары бул күндүн эң мыкты үлгүсү болорун, буга чейинки окуу күндөрүнүн эң сонун күнү бүгүн экенин студенттер баса белгилеп айтышты. Буга окшогон иш-чаралардын көбүрөөк өткөрүлүп туруусун өтүнүштү. Ошону менен бирге окутуучусу Мехмет Акиф Сүмер уюштурган бул программа түрк маданиятынын тамактануу тарабын конкреттүү үлгүлөрү менен тааныштырып, студенттерге өтө пайдалуу болгонун жана кызыктуу өткөнүн студенттер белгилеп айтышты. Окутуучусу Мехмет Акиф Сүмер мындан кийин да өтүлгөн темага ылайыктуу келген иш-чараларды өткөрүп туруусун айтып, студенттери менен чогуу Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү проф. док. Режаи Доганга, Тил үйрөтүү бөлүмү башчысы Фатих Башкапанга жана Түрк тили координатору Эбру Каракая Наргизге ыраазычылыгын билдиришти.