2023-05-01

ДАЯРДОО КУРСУНУН СТУДЕНТТЕРИНИН КАТЫШУУСУ МЕНЕН «АКЫЛ ТАЙМАШЫ» ӨТТҮ.


Чет тилдер жогорку мектебинин Түрк тили координаторлугу тарабынан салттуу түрдө өткөрүлүп келе жаткан “Акыл таймашынын” 1-баскычы үстүбүздөгү жылдын 17-апрелинде уюштурулду. Жалпы Даярдоо курсунун 31 түрк тилин үйрөтүүчү группалардан үчтөн студент тандалып алынып, тандалган тайпалар маданият, түрк тили жана Түрк дүйнөсүнө байланыштуу 25 суроого жооп беришти. Жарыштын жыйынтыгында эртең мененки 311, 429, ал эми түштөн кийинки 424, 205, 420-дарсканалардын студенттери суроонун дээрлик баарына жооп беришип, 2-турга жолдомо алышкан.

“Акыл таймашы” мелдешинин 2-баскычы 27-апрелде Маданият борборунда 15.30-17.30 сааттар аралыгында өткөрүлүп, бул жыйынтыктоочу бөлүк студенттерге чоң таасир калтыргандыгын айтууга болот. Аталган мелдешке үч студент курамында 5 тайпа катышкан.

Акыркы минуталарга чейин көрүүчү студенттердин менен окутуучулардын бүйүрүн кызыткан бул жарышта жалпы 25 суроо берилип, эртең мененки 311-дарскананын студенттери Калима Табалдиева, Фатима Арынова, Эркайым Кудабаева жеңишке ийгиликтүү жетишкен. Ал эми, эртең мененки 429-дарскананын студенттери Таттыбүбү Нурматова, Мадина Урмат кызы жана Акмаанай Саттарова 2-орунга, жана ошондой эле түштөн кийинки 424-дарскананын студенттери Сезимай Равшанбекова, Жүзбай Жээналиев жана  Жоодарбек Жолболду уулу 3-орунга ээ болушту.

Жогоруда аты аталган студенттерге граммота, ал эми мелдешке катышкан калган студенттерге катышуу баракчасын Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрүнүн орун басары Салия Вайсканова, Тил үйрөтүү бөлүмүнүн башчысы Фатих Башкапан жана Түрк тили координатору Эбру Каракая Нергиз тапшырышты.

Салттуу түрдө өткөрүлүп келе жаткан бул мелдеш студеттерибиздин маданият, тил жана Түрк дүйнөсүнө байланыштуу багыттарда билимин өркүндөтүп, ошол эле учурда мелдешүү маданиятынын калыптанышына жана студенттердин өз ара байланышында да маанилүү роль ойноду деген ишеничтебиз.