2023-02-28

ЧЕТ ТИЛДЕР ЖОГОРКУ МЕКТЕБИНДЕ В1 ДЕҢГЭЭЛИНДЕГИ ТҮРК ТИЛИНДЕ ДИЛБАЯН ЖАРЫШЫ ӨТТҮ.


Чет тилдер жогорку мектебинде билим берүү иш-чараларыбыз уланууда. Тил үйрөтүү бөлүмү тарабынан уюштурулган жана даярдоо курсунун студенттеринин билим деңгээлин текшерүү максатында уюштурулган иш-чаралардын бириси болгон түрк тилинде  дилбаян жарышы ѳттү. Аталган иш-чаранын алкагында 2023-жылдын 21-февралында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин башкы имаратында уюштурулган жарышка түрк тилин үйрѳнүп жаткан даярдоо курсунун студенттеринен катышуу үчүн 44 арыз түшкөн. Сезимдерин, ойлорун түрк тилинде жазган студенттерибиздин дилбаяндары 7 адамдан турган комиссиянын кароосунан өттү. Комиссиянын 1-текшерүүсүнѳн кийин финалга өткөн 10 студенттин дилбаяндары кайра комиссия тарабынан бааланып, Таттыбүбү Нурматова жеңүүчү деп табылды. Севила Ойдинова экинчи, ал эми үчүнчү орунга Сезим Өмүрбекова менен Нуркыз Султангазиева ээ болушту.