2023-05-17

“МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИ АР ДАЙЫМ АЛДЫДА


2023-жылдын 20-апрелинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультети тарабынан «Кыргыз адабияты, котормо иши жана билим берүүсү Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында” аттуу  жогорку окуу жайларынын арасында студенттердин илимий-тажрыйбалык конференциясы болуп өттү. Аталган конференцияда төрт секцияда 109 студент өзүлөрүнүн баяндамаларын окушуп, ат салышты. Бул конференцияга Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ага окутуучусу, п.и.к. Мира Ибраеванын илимий жетекчилигинин аркасында Кесиптик жогорку мектебинин мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн 1-курсунун студенти Айнура Жамгырова катышып, “Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы жазуучулардын тагдыры менен байланыштуу чыгармалары” аттуу макаласын окуп, 1-даражадагы дипломго татыктуу болуп, биринчи орунду ээледи. Конференциянын жыйынтыгы 13-майда чыгып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. Аталган макала Кыргыз улуттук университетиндеги жыйнакка басылып чыгат.

Университетибиздин атынан жарышка катышкан жана баш байге алган студентибиз Айнура Жамгырованы жана ошондой эле студенттин илимий жетекчиси, Чет тилдер жогорку мектебинин Чет тилдер бөлүмүнүн ага окутуучусу, п.и.к. Мира Ибраева эжейибизди куттуктайбыз.