2023-04-20

В2-ДЕҢГЭЭЛДЕГИ ДИЛБАЯНДАР КОНКУРСУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ.


Чет тилдер жогорку мектебинин Тил үйрөтүү бөлүмү тарабынан уюштурулган жана Даярдоо курсунун студенттеринин түрк тилин канчалык деңгээлде үйрөнгөндүгүн көрсөтүшкөн В2 деңгээлиндеги «Түркчө дилбаяндар конкурсунун” экинчи этабы болуп өттү.

Бул иш-чараны пландаштыруу, ишке ашыруу жана жыйынтыктоо үчүн Тил үйрөтүү бөлүмү тарабынан түзүлгөн атайын комиссия түрк тилин үйрөнүүчү тайпадан бирден студент катыша алаарын билдирип, аталган конкурсту 2023-жылдын 05-апрелинде университетибиздин башкы имаратында өткөрүштү. Комиссия тарабынан аныкталган жалпы тема боюнча студенттер өздөрүнүн сезимдерин жана ойлорун чектелген 60 мүнөттүн ичинде жазышты.

Конкурстун жыйынтыгында жеңүүчүлөр төмөнкүдөй жайгашты:

1) 2212.01017 Нестан Самийбекова

2) 2201.10007 Мумтозбегим Дадаханова

3) 2235.01010 Ханим Бакытбек кызы.

Студенттерибизди куттуктайбыз, окууларына албан-албан ийгиликтерди каалайбыз.