2023-09-01

RSC 005 КОДУНДАГЫ ОРУС ТИЛИ САБАГЫНАН БОШОТУУ СЫНАГЫ БОЮНЧА МААЛЫМАТ


Катталуу үчүн кайрылуунун соңку күнү 2023-жылдын 13-сентябрь күнү, Кыргызстан убактысы боюнча 17.00

2023-2024-окуу жылынын Чет тилдер жогорку мектебинин Тил даярдоо программасынын академиялык календарына ылайык, 2023-жылдын 17-сентябрында өткөрүлө турган күзгү семестрдеги RSC 005 кодундагы орус тили сабагынан бошотуу сынагына катыша турган талапкерлер үчүн сынактын датасы, сааты, сынакка катышуунун шарттары, сынактын форматы жана соңку кайрылуунун мөөнөтү жөнүндөгү маалыматтар төмөндө берилди.

 

1. СЫНАКТЫН КҮНҮ ЖАНА УБАКТЫСЫ (Кыргызстан убактысы боюнча)

СЫНАКТЫН ӨТӨ ТУРГАН КҮНҮ

СЫНАКТЫН КОДУ жана АТЫ

УБАКТЫСЫ

2023-жылдын 17-сентябры

RSC 005 кодундагы “Орус тили” сабагы

12.00 – 13.00

 

2. СЫНАККА КАТТАЛУУ ШАРТТАРЫ

RSC 005 кодундагы орус тили сабагы боюнча тилден бошотуу сынагына орто кесиптик билим берүү программаларынын студенттеринен башка (Кесиптик жогорку мектептин бөлүмдөрүнө катталган Даярдоо курсунун студенттери), милдеттүү түрдө орус тилин окуусу керек болгон Кыргызстандын жарандары, тагыраак айтканда даярдоо курсунун жана ошондой эле бакалавр программасынын студенттери катыша алат.

 

3. СЫНАКТЫН ФОРМАТЫ

RSC 005 кодундагы орус тили сабагынан бошотуу сынактары онлайн форматта,  Google Classroom платформасы аркылуу жүзөгө ашырылат.

 

4. КАТТАЛУУНУН СОҢКУ КҮНҮ

Өткөрүлө турган сынакка катышууну каалаган студенттерибиз 2023-жылдын 13-сентябрь, кечки саат 17.00 гө чейин (Кыргызстан убактысы боюнча) тиркемедеги арыздын үлгүсүн толтуруп, кол койгон соң pdf же jpg форматта) университет тарабынан берилген электрондук (manas.edu.kg аталышындагы) почтадан svetlana.parmanasova@manas.edu.kg электрондук дарегине жиберүүгө тийиш.

 

МААНИЛҮҮ ЭСКЕРТҮҮ:

2023-2024-окуу жылына чейин орус тили сабагын 2 семестр (RSC-003 жана RSC-004 кодундагы) бою окубаган же/жана бул орус тили сабактарынан өтпөй калган бакалавр программасынын кыргызстандык студенттердин окуй турган RSC-003 жана RSC-004 кодундагы орус тили сабактарынын RSC-005 кодундагы орус тили сабагына эквиваленттүү саналуусу, ал эми RSC-003 жана RSC-004 кодундагы орус тили сабактарынын бирөөсүн окубай калган же/жана бирөөсүнөн өтпөй калган бакалавр программасынын кыргызстандык студенттердин окубай калган же/жана өтпөй калган кайсыл бир семестрдин орус тили сабагынын ордуна орто кесиптик билим берүү программаларынын студенттери үчүн өтүлүүчү RSC-006 кодундагы орус тили сабагын алуусу чечими кабыл алынды (Университетибиздин Окумуштуулар кеңешинин 2022-жылдын 21-декабрында кабыл алынган 2022-21.90 номерлүү чечими).

Тилден бошотуу сынактарынын жүйөө сынактары өткөрүлбөйт.