2021-10-08

ДАЯРДОО КУРСУНУН СТУДЕНТТЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ


Университетибиздин ректору проф., докт. Алпаслан Жейлан, биринчи проректору проф., докт. Асылбек Кулмырзаев жана башкы кеңешчи проф., докт. Ахмет Беше даярдоо курсунун студенттери менен жана Чет тилдер жогорку мектеби жайгашкан башкы имараттагы окуу процесси менен таанышышты.

Университетибиздин жетекчилери кыргыз, түрк, орус жана англис тилдери үйрөтүлүп жаткан дарсканаларда конок болуп, студенттерибиз менен баарлашышты. Баарлашууда эпидемия башталып, аралыктан окутуу формасына өткөн учурда студенттерибизди сагынышканын билдирип, билим берүүнү салттуу түрдө улантуу үчүн бардык зарыл болгон чаралар көрүлүп, кылдаттык менен ишке ашырылып жаткандыгына токтолушту. Ошондой эле, окуу процессин үзгүлтүккө учуратпоо үчүн студенттерибиздин ден соолугуна көңүл буруп, университетибиздин пандемияга каршы күрөшүү чараларына маани берип, эрежелерди аяр сактоосу керектигин белгилешти. Университетибиздин карамагында иш алып барган Ден соолук борборунун бардык студенттерибиздин кызматында экенин баса белгилеген жетекчилерибиз аталган борбордо бардык студенттерибиз бекер эмдөө ала аларын жана бул мүмкүнчүлүктү сөзсүз пайдалануу керектигин маалымдашты. Мындан тышкары, профессорлор окуу жылынын башталышынын урматына дарсканаларда студенттерибизге калем сап кутучаларын белекке берип, алардын эшиги бардык студенттерибиз үчүн ар дайым ачык экендигин белгилешти.