2024-03-18

ЖОГОРКУ МЕКТЕБИБИЗДЕ "ЧАНАККАЛЕ ЖЕҢИШИБИЗ" ТУУРАЛУУ САЛТ УЛАНТЫЛУУДА...


Түрк тарыхынын эң маанилүү күндөрүнүн бири – бул 18-март Чанаккеле деңиз флотунун жеңиши. Чанаккале жеңишинин 109 жылдыгына карата иш-чаралар жыл сайын Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Чет тилдер жогорку мектебинде да кызуу белгиленип келет. Мында ар бир окутуучу өз студенттерине Чанаккале жеңиши тууралуу көркөм жана документалдуу тасмаларды көрсөтүү менен бирге, келечек муунга тарыхыбыз тууралуу маалымат берип, ата-бабаларыбызды унутпоого чакырат.

Мугалимдер 18-март күнү өз дарсканаларында студенттери менен бул майрамга карата өткөрүлгөн иш-чарада Гази Мустафа Кемаль Ататүрк баш болгон Чанаккале согушунда курман болгон шейиттерибизге баш ийип таазим кылып, эскеришет.