2024-04-15

КУТТУКТОО


Жогорку мектебибиздин Тил үйрөтүү бөлүмүнүн Түрк тили координаторлугунун ага окутуучуларындан докт. Мурат Атар мырзаны уулдуу болушу менен чын жүрөктөн куттуктап, бешик боосу бек болсун демекчибиз. Кичинекей ымыркайдын ден-соолугу чыӊ, өмүрү узун, ыймандуу, акылдуу, өлкөсүнүн, адам баласынын керегине жараган уулдардан болуусуна тилектешбиз.