2021-11-15

ЧЕТ ТИЛДЕР ЖОГОРКУ МЕКТЕБИ СЫНАКТАРДЫ ӨТКӨРҮҮ ДАЯРДЫГЫН КӨРҮҮДӨ


Чет тилдер жогорку мектебинин жетекчелири 2021-жылдын 11-ноябрь бейшемби күнү жогорку мектептин окутуучулары менен биринчи ара сынагын өткөрүү алдында онлайн түрдө жолугушуу өткөрдү. Онлайн жыйындын модератору Тил үйрөтүү бөлүмүнүн Түрк тили координатору Ахмет Таш ачылыш сөзүн Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү докт. Режеп Йүрүмезге узатып, жетекчи университетибиздеги акыркы кабарлар менен бөлүшүп, пандемияны ооздуктоо жана алдын алуу үчүн көрүлүп жаткан иш-чаралар, биринчи ара сынакка болгон даярдыктар, өткөрүлө турган семинарлар, комиссиялардын иш-чаралары жана пландаштыруу аракеттери тууралуу кеӊири маалымат берди. Аталган онлайн жыйын Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрүнүн орун басары Салия Вайсканованын каалоо-тилектери жана жыйынтыктоочу сөзү менен аяктады.