2021-12-17

ЧЕТ ТИЛДЕР БӨЛҮМҮНҮН СЕМИНАРЫ ИШКЕ АШТЫ.


2021-жылдын 15-декабрында Чет тилдер жогорку мектебинин Чет тилдер бөлүмү тарабынан «Орус тилин чет тили катары үйрөтүүдө тексттер менен иштөө: А2 - В1 деңгээлдери» темасында практикалык семинар өткөрүлдү. Семинардын темасын Борбордук Азиядагы Эл аралык университеттин доц. м. а. Виктория Булатова ачып берген болсо, аталган иш-чаранын модератору милдетин Светлана Парманасова аткарды.

Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү, док. Режеп ЙҮРҮМЕЗ өзүнүн ачылыш сөзүндө билим берүү мекемесинин окутуучулук курамынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында ушуга окшогон практикалык семинарларды уюштуруунун маанилүүлүгүн белгилеп, жакынкы келечекте дагы да болсо Борбордук Азиядагы Эл аралык университет менен биргелешкен иш-чараларды уюштуруп турууну каалаганын билдирди.

Доц. м. а. Виктория Булатова семинарында «убакыт» темасында чет элдик студенттер менен иштөө методикасын өздөштүрүү максатын койгон, тексттердин үстүндө иштөөдө (плакаттар, кулактандыруулар ж.б.) кепти жана лексикалык сабаттуулукту калыптандыруу жолдоруна өзгөчө көңүл бурган. Семинардын жүрүшүндө иш-чаранын катышуучуларына тексттик тапшырмалардын узактыгын аныктоо үчүн алгоритм түзүү жана анын үстүндө иштөө сунушталды. Булатова айым тексттердин (плакаттар, жарнактар ж.б.) жардамы менен чет элдик студенттердин окуп түшүнүү көндүмүн өздөштүрүүсүндө лектордун ролу чоң экенин баса белгиледи.

Семинардын аягында Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрдүн орун басары Салия Вайсканова иш-чаранын жемиштүү жана пайдалуу болгондугун жана кесиптештери менен тажрыйба алмашуу зарылдыгын айтып, баяндамачыга ыраазычылыгын билдирди. Семинар баяндамачы доц. м. а. Виктория Булатовага ыраазычылык баракчасын тапшыруу менен аяктады.