2021-12-16

«ДАӉКТУУ ИНСАНДЫН ЖАШООСУ ЭСКЕРИЛҮҮГӨ ТАТЫКТУУ» АТТУУ ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИ УЮШТУРУЛДУ.


Университетибиздин башкы имаратынын жыйындар залында 2021-жылдын 14-декабрында Чет тилдер жогорку мектебинин Тил үйрөтүү бөлүмүнүн  Англис тилин үйрөтүү координаторлугу тарабынан Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата «Даӊктуу инсандын жашоосу эскерилүүгө татыктуу» аттуу эскерүү кечеси уюштурулду. Аталган иш-чарага университетибиздин Гуманитардык факультетинин деканы проф., докт. Ахмет Беше, Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү докт. Режеп Йүрүмез, Тил үйрөтүү бөлүмүнүн башчысы Фатих Башкапан жана Даярдоо курсунун студенттери катышты.

Кеченин уюштуруучулары Даярдоо курсунун студенттери англис тилинде түрк дүйнөсүнүн чыгаан жазуучуларынын бири Чынгыз Айтматовдун ɵмүр баяны, чыгармачылык жолу тууралуу айтып беришти. Ошондой эле  суроо-жооп оюндарын уюштурушуп, жазуучунун  «Саманчынын жолу» жана «Жамила» повесттеринен үзүндүлɵрдү театрлаштырып кɵрсɵтүп беришти.