2021-12-21

ДАЯРДОО КУРСУНУН СТУДЕНТТЕРИНИН ТӨРАГАЛЫГЫНА ШАЙЛОО БОЛУП ӨТТҮ.


2021-жылдын 17-декабрында Студенттик кеңеш башкармалыгы тарабынан, даярдоо курсунун студенттеринин төрагалыгына шайлоо болуп өттү. Даярдоо курсунун төрагалыгына жалпы 15 студент талапкерлигин койгондуктан атаандаштык курч болду. Шайлоонун жыйынтыгында Канимет Бегимбек уулу 83 добуш менен төрага болуп шайланды. Ал эми, төраганын орун басары милдетине Тахир Йылмаз жана баш катчынын милдетине Мухаммед Али Жээналиев дайындалды.

Добуштарды саноого чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү док. Режеп Йүрүмез жана мүдүрдүн орун басары Салия Вайсканова катышты.

Аты аталган студенттерди куттуктап, ийгиликтерди каалайбыз!