2021-12-17

ТР УЛУТТУК БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТИРЛИГИНЕ КАРАШТУУ КЫРГЫЗ-ТҮРК АНАДОЛУ КЫЗДАР КЕСИПТИК ЛИЦЕЙИНЕ КИТЕПТЕР БЕЛЕККЕ БЕРИЛДИ.


ТРнын Улуттук билим берүү министирлигине караштуу Кыргыз-Түрк Анадолу кыздар кесиптик лицейине Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Чет тилдер жогорку мектеби тарабынан социалдык жоопкерчилик принциптеринин алкагында “Чет элдиктер үчүн түрк тили” аттуу китептер топтому белекке берилди.

Лицейге китептерди жеткизип барган Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү ф.и.к. Режеп Йүрүмез, мүдүрдүн орун басары Салия Вайсканова, Тил үйрөтүү бөлүмүнүн башчысы Фатих Башкапан жана Түрк тилин үйрөтүү координатору Ахмет Таш билим берүү мекемесинин мүдүрү Адил Гезер жана лицейдин окуучулары менен жолугушуп, окууларына ийгилик каалашты.