2021-12-22

ТИЛ ҮЙРӨТҮҮГӨ АРНАЛГАН ОНЛАЙН СЕМИНАР ӨТКӨРҮЛДҮ.


2021-жылдын 20-декабрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Чет тилдер жогорку мектеби кезектеги онлайн метод-семинарын өткөрдү.

Алгач аталган жогорку мектептин мүдүрү, ф.и.к. Режеп Йүрүмез сөз сүйлөп, баяндамачыга жана жалпы катышуучуларга ийгилик каалады.

Чет тилдер бөлүмүнө караштуу Кыргыз тили координаторлугунун координатору, окутуучу Алтынбек Исмаилов «Онлайн сабак үчүн тест, тапшырма, көнүгүү даярдоонун усул-ыкмалары» аттуу темада баяндама жасап, кесиптештерине көнүгүүнүн бир нече түрүн практика жүзүндө көрсөтүп берди.

Аталган метод-семинарга Тил үйрөтүү бөлүмүнүн башчысы Фатих Башкапан модераторлук кылды.