2022-01-03

ЧЕТ ТИЛДЕР БӨЛҮМҮНҮН ОКУТУУЧУСУ ф.и.к. АЛТЫНАЙ ТОКТОМАТОВАНЫН ЖЕТИШКЕНДИГИ


Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Чет тилдер жогорку мектебинин Чет тилдер бөлүмүнүн англис тили окутуучусу, ф.и.к. Алтынай Токтоматова ‘Эгемберди Эрматовдун чыгармачылыгын ѳнүктүрүүгѳ кошкон салымы үчүн’ Эгемберди Эрматов коомдук фондунун тѳш белгиси менен сыйланды. КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан 2019-жылы жарыяланган конкурстун жыйынтыгы менен, Алтынай Токтоматованын котормосунда автордун “Мухаммед Пайгамбар” дастаны жеңүүчү деп табылып, 2020-жылы англис тилинде басылып чыккан. Дастанды Стрэтчклайд университетинин профессору, акын Лаура Гамильтон редакциялаган.

Сыйлык 2021-жылы, 14-декабрда Кыргыз Республикасынын эл акыны, драматург, котормочу, журналист Эгемберди Эрматовдун 70 жылдык юбилейине арналган салтанаттуу иш-чарада тапшырылган.

Алтынай Токтоматова Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун котормо секциясын жетектеп, кѳркѳм котормону ѳнүктүрүүгѳ ѳз салымын кошуп келет.