2022-01-19

Чет тилдер жогорку мектебинде жазгы семестрдин башталышы тууралуу онлайн жолугушуу өткөрүлдү.


Чет тилдер жогорку мектеби тарабынан 2022-жылдын 14-январында жума күнү саат 16.00дө жазгы семестрдин аралыктан билим берүү жолу менен баштала тургандыгына байланыштуу жогорку мектептин Тил үйрөтүү бөлүмүнүн окутуучуларынын катышуусу менен онлайн жолугушуу болуп өттү. Аталган онлайн жолугушуу Google Meet платформасы аркылуу Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү докт. Режеп Йүрүмездин ачылыш сөзү менен башталды. Докт. Режеп Йүрүмез, Кыргызстанда COVID-19 илдетине чалдыккан бейтаптардын санынын көбөйүүсүнө байланыштуу университетибиздин Окумуштуулар кеӊешинин кабыл алган чечимине ылайык окутуучуларыбыздын жана студенттерибиздин саламаттыгына кам көрүү максатында 2021-2022-окуу жылынын жазгы семестри аралыктан билим берүү жолу менен баштала тургандыгына токтолуп, 2021-2022-окуу жылынын күзгү семестринин биринчи ара сынагынан баштап аптада 1 күн тил үйрөтүү сабактарынын аралыктан (онлайн) өткөрүп жаткандыгыбыз, билим берүүнү толугу менен онлайнга өткөрүү түйшүгүн аз да болсо жеӊилдеткендиги тууралуу баяндады.

Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрүнүн билдирүүсүнөн кийин сөздү алган Тил үйрөтүү бөлүмүнүн башчысы Фатих Башкапан окутуучуларга аралыктан билим берүү кандай жүргүзүлө тургандыгы, бул маселеде сабактардын (Кыргызстандан тышкары сабактарга катыша турган башка өлкөлөрдүн өкүлдөрүн эске алуу менен) убактысынын уюштурулуусу жана онлайн өткөрүлө турган сынактардын эрежелери тууралуу айтып берди. Окутуучулардын суроолоруна жооп узатуудан соӊ, Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрүнүн орун басары Салия Вайсканова аралыктан билим берүү жолу менен баштала турган жазгы семестрде бардык окутуучуларга жана студенттерге ийгилик каалоо менен аталган процесстин аягына ынтымак жана кызматташтык менен чыга тургандыгын белгиледи.