2022-02-09

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ОКУТУУЧУЛАРЫНА ЧЕТ ТИЛИН ҮЙРӨТҮҮ СЕМИНАРЛАРЫ ӨТҮЛДҮ.


Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен Ош мамлекеттик университетинин ортосунда билим берүү, илим жана академиялык мобилдүүлүк тармагында өз ара кызматташуу боюнча 2021-жылдын 7-июнунда түзүлгөн келишимдин алкагында 2022-жылдын 31-январынан тартып 02-февралына чейин Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Чет тилдер жогорку мектебинин Тил үйрөтүү бөлүмү тарабынан "Тил үйрөтүү ыкмалары" аттуу методикалык семинар уюштурулуп, аталган бөлүмдүн 6 окутуучусу Салия Вайсканова, Кыял Токтоналиева, Венера Туратбек кызы, Айжан Бакалова, Айгүл Элебаева жана Айзада Сакелова Ош шаарына барып келишти. 3 күндүк бул семинарда Чет тилдер жогорку мектебинин окутуучулары Ош мамлекеттик университетинин окутуучуларына кыргыз, орус жана англис тилдеринде окуу, угуу, жазуу, тексттер, слайддар, укма-көрмө тасмалар жана сүйлөө көндүмдөрүн эффективдүү колдонуу жолдорун интерактивдүү ыкма аркылуу көрсөтүп, өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Метод семинардын аягында катышуучуларга сертификаттар ыйгарылып, ОшМУнун жетекчилери жана окутуучулары иш-чаранын пайдалуу жана жемиштүү болгонун белгилеп, өз кезегинде ОшМУнун ректору Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич “Тил үйрөтүү ыкмалары” методикалык семинарында өз тажрыйбалары менен бөлүшкөн Кыргыз-Түрк “Манас” унивеситетинин окутуучуларына ыраазычылык баракчаларын тапшырды жана келечекте эки жогорку окуу жайдын окутуучуларынын байма-бай тажрыйба алмашуу кызматташтыгынын мындан да бекем болооруна ишенүүсүн арткандыгын билдирди.