2021-11-26

2021-2022-ОКУУ ЖЫЛЫНЫН ОНЛАЙН СЕМИНАРЛАРЫ БАШТАЛДЫ.


Чет тилдер жогорку мектеби тарабынан уюштурулган 2021-2022-окуу жылынын онлайн семинарларынын топтому (I) алкагында 2021-жылдын 23-ноябрь күнү Тил үйрөтүү бөлүмүнүн окутуучусу Эбру Каракая Нергиздин «Сүйлөө көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн дарсканада аткарылуучу иш-чаралар» аттуу семинары өттү.

Аталган иш-чаранын модераторлук милдетин аткарган Тил үйрөтүү бөлүмүнүн Кыргыз тили координатору Аскатбек Мамадиев иш-чаранын ачылыш сөзүн Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү докт. Режеп Йүрүмез мырзага берди. Баяндамачы семинардын аты айтып тургандай, студенттердин сүйлөө көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн дарсканада аткарылуучу иш-чаралардын түрлөрүнө токтолуп, темага байланыштуу өз тажырыйбасы жана ой-пикири менен кыска өрнөк видеолор аркылуу бөлүштү. семинардын катышуучулары иш-чаранын аягында берилген суроолоруна жоопторду ала алышты. Семинардын катышуучуларга пайдалуу болгонун белгилеген Тил үйрөтүү бөлүмүнүн башчысы Фатих Башкапан жана Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрүнүн орун басары Салия Вайсканова баяндамачыга ыраазычылык билдирип, ишине ийгилик каалады.