2022-02-03

‘Nearpod’ ПРОГРАММАСЫ ТУУРАЛУУ СЕМИНАР БОЛУП ӨТТҮ.


2022-жылдын 28-январь күнү Чет тилдер жогорку мектеби тарабынан уюштурулган семинарлардын топтому (II) алкагында ТРнын Гази университетинин окутуучулук курамынын мүчөсү докт. Керим Сарыгүлдүн «Nearpod программасы менен сабак материалдарын даярдоо жана ишке ашыруу» аттуу онлайн семинары өттү. Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү докт. Режеп Йүрүмез мырзанын ачылыш сөзү менен башталган семинарда докт. Керим Сарыгүл мырза Чет тилдер жогорку мектебинин окутуучулук курамына Nearpod программасы жөнүндө кыска маалымат берип, иш жүзүндө аталган программанын жардамы менен сабак материалдарын даярдоо ыкмалары жана студенттердин дагы колдоно ала турган өзгөчөлүктөрүнө токтолду. Окутуучулар арасында кызыгуу жараткан иш-чара окутуучулардын прграмма тууралуу суроолоруна жооп берүү, каалоо-тилектерди жана ыраазычылык билдирүү менен аяктады.