2021-12-30

Чет тилдер жогорку мектебинин академиялык жалпы жыйыны болуп өттү.


2021-жылдын 24-декабрь күнү саат 16.00до университетибиздин башкы имаратынын жыйындар залында Чет тилдер жогорку мектебинин окутуучулары, жетекчилери жана проректор проф., докт. Мустафа Орчан мырзанын катышуусунда өткөрүлгөн академиялык жалпы жыйын Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрүнүн орун басары Салия Вайсканованын ачылыш сөзү менен башталды. Кийинки сөздү алган жогорку мектептин мүдүрү докт. Режеп Йүрүмез 2021-2022-окуу жылынын күзгү семестрында аткарылган илимий иш-чаралар, коомдук иштер жана өнүгүүлөр тууралуу баяндады. Аталган академиялык жалпы жыйын университетибиздин проректору проф., докт. Мустафа Орчан мырзанын жыйынтыктоочу сөзү жана каалоо-тилектери менен аяктады.