2021-09-09

ОшМУнун окутуучулары иш сапары менен ЧТЖМда


2021-жылдын 7-июнунда Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен Ош мамлекеттик университетинин ортосунда билим берүү, илим жана академиялык мобилдүүлүк тармагында ѳз ара кызматташуу боюнча келишими түзүлгөн. Аталган келишимдин алкагында  үстүбүздөгү жылдын 6-сентябрында ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетине караштуу факультеттер аралык кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы Зувайда Каразакова, усулдук кеңештин төрайымы Гүлзар Мамадиева жана илимий иштер боюнча жетекчи Айгүл Осмонова университетибизге иш сапары менен келишти. Эки күндүк иш сапарда Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү Режеп Йүрүмез, Кыргыз тили координаторлору Алтынбек Исмаилов, Аскатбек Мамадиев жана аталган координаторлуктун окутуучулары менен жолугушту. Жолугушууда ОшМУдан келген делегация КТМУнун тил үйрөтүү тажрыйбасы, таржымалы, азыркы тапта колдонулуп жаткан усул-ыкмалары, материалдары менен таанышып, алдыдагы кызматташуу жөнүндө пикир алышышты.