2022-03-11

“МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИ АР ДАЙЫМ АЛДЫДА


Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институту (ИСИТО) 2022-жылдын 28-февралында Эне тилдин эл аралык күнүнө карата Бишкек шаарындагы ЖОЖдор аралык “Сабаттуу жазуу – заманбап жашоонун талабы” аттуу мамлекеттик тилде жат жазуу боюнча чемпионат уюштурду.
Аталган чемпионатка Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин атынан эки студент катышып, алардын бири жеӊишке жетти. Тактап айтканда, Чет тилдер жогорку мектебинин Чет тилдер бөлүмүнө караштуу Кыргыз тили координаторлугунун ага окутуучусу, педагогика илимдеринин кандидаты Мира Ибраева окуткан, Ветеринардык факультеттин 1-курсунун студенти Элдияр Асылбеков 1-орунду ээлесе, окутуучу Бакытбек Джунусалиев даярдаган, Экономика жана башкаруу факультетинин 1-курсунун студенти Жибек Сатынбекова кызыктыруучу сыйлыкка татыды.
Жалпысынан чемпионатта Бишкек шаарындагы 14 жогорку окуу жайда билим алган 28 студент ат салышты. 
Университетибиздин намысын коргогон студенттерибизди жана аларды тарбиялаган кесиптештерибизди жеӊиши менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!