2022-03-10

ТАМАК-АШ АЗЫКТАРЫ ЖАРМАНКЕСИ


2022-жылдын 07-мартында Университетибиздин студенттик шаарчасында болуп өткөндөй окуу жайыбыздын башкы имаратында да 8-март Аялдардын эл аралык майрамына карата түшкөн каражаты кайрымдуулукка жумшала турган тамак-аш азыктары жарманкеси уюштурулду. Университетибиздин башкы имаратынын кызматкерлери жана алардын жубайлары тарабынан даярдалган тамак-аш азыктары жарманкенин катышуучуларынын көңүлүн бурду.