2022-03-18

«СҮЙҮКТҮҮ УНИВЕРСИТЕТИБИЗ» АТТУУ ЫР ЖАЗУУ КОНКУРСУНУН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ.


Университетибиздин Чет тилдер жогорку мектеби тарабынан Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 25 жылдык мааракесине карата 2020-2021-окуу жылында Даярдоо курсунун студенттеринин арасында түрк жана кыргыз түрк тилдеринде уюштурулган «Сүйүктүү университетибиз» аттуу ыр жазуу конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды. COVID-19 пандемиясына байланыштуу аралыктан билим берүү ишмердүүлүгүнүн алкагында өткөрүлгөн түрк тилинде ыр жазуу конкурсунда;

  • биринчи орунга татыган Бегимай Улукбек кызы,
  • экинчи орунга татыган Айбийке Абдиева,
  • үчүнчү орунга татыган Айжамал Курбанбек кызы жана Медина Капаровага,

кыргыз тилинде ыр жазуу конкурсунда;

  • биринчи орунга татыган Тургунбек Пазылов,
  • экинчи орунга татыган Элдияр Асылбеков,
  • үчүнчү орунга татыган Мунара Чолпонкуловага

сыйлыктарын 2022-жылдын 16-мартында өткөрүлгөн 'Англис тилинде ыр ырдоо' конкурсунун башында Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү докт. Режеп Йүрүмез жана мүдүрдүн орун басары Салия Вайсканова тапшырышты.