2022-03-14

2021-2022-ОКУУ ЖЫЛЫНЫН ЧЕТ ТИЛДИ ҮЙРӨТҮҮ СЕМИНАЛАРЫНЫН ТӨРТҮНЧҮСҮ ӨТКӨРҮЛДҮ.


Чет тилдер жогорку мектеби тарабынан уюштурулган семинарлардын топтому (II) алкагында аптанын коногу катары ТРнын Стамбул университетинин Тил үйрөтүү борборунун мүдүрү доц., докт. Мехмет Ялчын Йылмаз «Пандемия учурунда түрк тилин чет тил катары үйрөтүү жана технологиялык өнүгүүлөр» аттуу семинары менен катышты. Онлайн түрдө өткөн семинарды Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү докт. Режеп Йүрүмез ачып берип, баяндамачы доц., докт. Мехмет Ялчын Йылмазга семинарлардын топтомуна катышып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, катышуучуларга ийгилик каалады.

Доц., докт. Мехмет Ялчын Йылмаз «Пандемия учурунда түрк тилин чет тил катары үйрөтүү жана технологиялык өнүгүүлөр» аттуу семинарында алгач пандемиянын чет элдиктерге түрк тилин үйрөтүү тармагына кандай жаңылыктарды алып келгенине токтолду. Баяндамасынын уландысында Стамбул университетинин Тил үйрөтүү борбору тарабынан «Эл аралык студенттер үчүн түрк тили» аттуу жаӊы окуу китебинин негизинде даярдалган жана интерактивдүү түрдө жеткиликтүү болгон окутуу порталынын аралыктан түрк тилин үйрөтүүдө кандай салым кошуп жатканын иш жүзүндө айтып берди. Чет тилдер жогорку мектеби тарабынан 2022-жылдын 10-мартында бейшемби күнү саат 18.30да уюштурулган жана жогорку мектебибиздин окутуучулук курамынан тышкары Түркиядан да байланышка чыккан академиялык кызматкерлер жана угуучулардын катышуусунда өткөн бул семинар катышуучулардын суроолору, жооп узатуу, каалоо жана тилектери менен ийгиликтүү жана пайдалуу жыйынтыкталды.