2022-03-18

САЛТТУУ ТҮРК КАГАЗ ЖАСАЛГАСЫ (ЭБРУ) ИСКУССТВОСУ БОЮНЧА МАСТЕР КЛАСС


Чет тилдер жогорку мектеби жана Даярдоо курсунун Студенттик кеӊешинин өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган иш-чаралардын алкагында 2022-жылдын 17-мартында университетибиздин башкы имаратында эбру искусствосунун чебери Женгиз Жирит аты аталган искусство түрү боюнча мастер-класс өткөрдү. Түркиянын 2014-жылдан тарта ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине катталган салттуу түрк кагаз жасалгасы (эбру) искусствосун практика жүзүндө жакындан көргөзмөсү университеттин студенттеринин жана кызматкерлердин чоң кызыгуусун жаратты. Аталган иш-чараны жогорку мектептин мүдүрү докт. Режеп Йүрүмез ачып берип, сөздүн кезегин алган эбру искусствосунун чебери Женгиз Жирит мырза эбру искусствосу тууралуу кенен маалымат берди. Женгиз мырза салттуу түрк кагаз жасалгасын иш жүзүндө көрсөтүп, кезек кезеги менен студенттердин катышуусунда өз колдору менен кагазды жасалгалоо техникасын үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берди.