2022-03-17

ЧЕТ ТИЛДЕР БӨЛҮМҮНДӨ АНГЛИС ЫРЛАРЫНЫН КОНКУРСУ ӨТТҮ.


2022-жылдын 16-мартында КТМУнун К.Тыныстанов жыйындар залында университетибиздин студенттери катышкан «Англис ырларынын конкурсу» өткөрүлдү. Университетибиздин студенттери арасынан тандалган 15 конкурсантка каалаган жанрда англисче ырды жандуу ырдап берүү шарты коюлган. Жыйынтыгында, конкурстун жеңүүчүлөрү болуп,

1-орунду Мээрим Абдиламитова- Англис тили жана адабияты бөлүмүнөн (2-курс),

2-орунду- Сейитбек Макелеев- Радио,Телевидение жана Кино бөлүмүнөн (1-курс),

3-орунду Касиет Осмонова- Журналистика  бөлүмүнөн (1-курс) алышты.

Андан тышкары алып баруучулар Бектемир Жуманазаров (Эл Аралык мамилелер бөлүмү, 1-курс), Бегимай Азизбекова (Эл Аралык мамилелер бөлүмү, 1-курс) конкурстун көркүн ачышып, көрүүчүлөрдүн купулуна толушту.

Конкурстун соңунда Чет тилдер жогорку мектебинин директору ф.и.к. Режеп Йүрүмез Англис тили координаторлугуна, калыстарга жана катышуучуларга ыраазычылык билдирип, жеңүүчүлөргө белектерин тапшырды.

Бул конкурс-окутуучулар менен студенттерге жумуш күнүнун аягында эстетикалык эс алуу тартуулады.