2022-03-25

‘ЧЕТ ЭЛДИК СТУДЕНТТЕРГЕ ТҮРК ТИЛИН ҮЙРӨТҮҮДӨ ТАПШЫРМАЛАРДЫН ФУНКЦИОНАЛДУУЛУГУ’ АТТУУ СЕМИНАР ӨТТҮ.


22-март күнү КТМУнун Чет тилдер жогорку мектебинде ‘Yabancılara Türkçe Öğretiminde Performans Ödevlerinin İşlevselliği’ (‘Чет элдик студенттерге түрк тилин үйрөтүүдө тапшырмалардын функционалдуулугу’) аталышындагы онлайн семинар уюштурулду. Семинарда Түрк тили координаторлугунда эмгектенген окутуучубуз ф.и.к. Гөкжан Челик баяндама жасады. Семинардын модераторлук ишин Светлана Жээнбекова алып барды. Баяндамачы тапшырманын жаңы түрлөрү жөнүндө кенен маалымат берүү менен, айтылган тапшырмалар тил үйрөнүүгө гана көмөк көрсөтпөстөн, студенттин креативдүү жана сынчыл ой жүгүртүүсүн, тайпада иштей билүүсүн жана башка көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталгандыгын баса белгиледи. Семинардын соңунда Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүр орун басары Салия Вайсканова ф.и.к. Гөкжан Челикке кызыктуу жана пайдалуу баяндама куруп бергендиги үчүн терең ыраазылык билдирди. Семинар суроо-жооп бөлүгү менен аяктады.