2022-03-28

ТҮРК ЫРЛАРЫНЫН КОНКУРСУ БОЛУП ӨТТҮ.


Чет тилдер жогорку мектебинин Тил үйрөтүү бөлүмү тарабынан 2022-жылдын 23-мартында Түрк ырларынын конкурсунун алгачкысы болуп өттү. Университетибиздин Чынгыз Айтматов атындагы студенттик шаарчасынын Конгресс жана маданият борборунда ишке ашкан бул иш-чара чоң кызыгууну жаратты. Алдын ала тандоо этаптарына катышкан жалпысынан 45 студенттин ичинен тандалып финалга өткөн даярдоо курсунун студенттери

Айжаркын Элеманова (‘Dön Bak Dünyaya’),

Жаӊыл Султангазиева (‘Kanatlarım Var Ruhumda’),

Бурулай Ташполотова (‘Sil Baştan’),

Элдана Абидинова - Гулиза Жапекова (‘Anlasana’),

Аймира Мурзаева (‘Caddelerde Rüzgâr’),

Айзат Лесбекова (‘Oflaya Oflaya’),

Шахноза Исламбекова (‘Her Şey Seninle Güzel’),

Канышай Шейшенова - Бексултан Абдыбеков (‘Gizli Aşk’),

Айжамал Мукашова (‘İstersen’) жана

Акылай Мусаева (‘Olsun’) калыстар тобунун мүчөлөрү Көркөм өнөр факультетинин Музыка бөлүмүнүн окутуучулары Нежип Йылгын, Диана Салиева жана Тил үйрөтүү бөлүмүнүн окутуучусу Бурханеттин Чакыжы алдында сонун ырларды аткарышты. Эки саатка жакын созулган программанын жыйынтыгында калыстар тобунун баалоосунун жыйынтыгында 1-орунду Бурулай Ташполотова ‘Sil Baştan’ ыры менен жеңип алса, 2-орунду Канышай Шейшенова менен Бексултан Абдыбековдун дуэти ‘Gizli Aşk’ ыры менен жеңип алышты. Ал эми 3-орунду гитара менен ‘İstersen’ ырын аткарган Айжамал Мукашова ээледи.

Жеңүүчүлөргө сыйлыктарды программанын коноктору проректорлору проф., докт. Мустафа Орчан, доц., докт. Камалбек Карымшаков жана Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү докт. Режеп Йүрүмез тапшырды. Мындан тышкары, Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрүнүн орун басары Салия Вайсканова конкурска катышкан бардык финалисттерге жана калыстар тобунун мүчөлөрүнө ыразычылык барачаларын ыйгарды. Аталган иш-чара даярдоо курсунун студенттеринин «О, доктор» аттуу театралдык оюну жана Тахир Йылмаздын аткаруусундагы эки түрк элдик ыр менен аяктады.