2022-02-18

2021-2022-ОКУУ ЖЫЛЫНДА ЧЕТ ТИЛДИ ОКУТУУ БОЮНЧА СЕМИНАРЛАРЫНЫН ҮЧҮНЧҮСҮ ӨТКӨРҮЛДҮ.


Чет тилдер жогорку мектеби тарабынан уюштурулган семинарлардын топтому (II) алкагында аптанын коногу катары ТРнын Селчук университетинин профессордук-окутуучулук курамынын мүчөсү проф., докт. Онур Көксал «Чет тили аркылуу маданиятты өздшөтүрүү» аттуу семинары менен катышты. Онлайн түрдө 2022- жылдын 15-февраль күнү өткөн семинардын модератору милдетин аткарган жогорку мектептин Тил үйрөтүү бөлүмүнүн башчысы Фатих Башкапан иш-чаранын ачылыш сөзүн Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү докт. Режеп Йүрүмезге берди, ал өз кезегинде баяндамачы проф., докт. Онур Көксал мырзага семинарлардын топтомуна катышып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, катышуучуларга ийгилик каалады.

Проф., докт. Онур Көксал «Чет тили аркылуу маданиятты өздшөтүрүү» аттуу семинарында маданият, тил менен маданияттын байланышы, тил үйрөнүүдө маданияттын өздөштүрүлүүсү сыяктуу түшүнүктөр тууралуу маалымат берди. Аталган семинар жогорку мектебибиздин окутуучулук курамынан тышкары Түркиядан да байланышка чыккан академиялык кызматкерлер жана угуучулардын катышуусунда өтүп, катышуучулардын суроолору, жооп узатуу, каалоо жана тилектери менен ийгиликтүү жана пайдалуу жыйынтыкталды.