2022-04-06

ТҮРК ТИЛИНДЕ КӨРКӨМ ОКУУ КОНКУРСУ БОЛУП ӨТТҮ.


Чет тилдер жогорку мектебинин Тил үйрөтүү бөлүмүнүн Түрк тилин үйрөтүү координаторлугу тарабынан 2022-жылдын 31-мартында уюштурулган түрк тилинде көркөм окуу конкурсу болуп өттү.

Университетибиздин Чынгыз Айтматов атындагы студенттик шаарчасынын Касым Тыныстанов жыйындар залында ишке ашкан бул иш-чараны Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү докт. Режеп Йүрүмез ачып жатып, өз сөзүндө мындай иш-чаралардын Даярдоо курсунун студенттерин ар тараптуу өнүктүрөөрүн, буга байланыштуу түрдүү иш-чараларды өткөрүп турууну улантуу керектигин баса белгиледи.

Алдын ала тандоо этаптарында тандалып финалга өткөн даярдоо курсунун студенттери Салтанат Бейшенова, Бегалы Исак уулу, Айдай Дүйшөнкул кызы, Зарина Жанарбек кызы, Гүлназ Тынычбекова, Невбахор Бегалова, Гүлкан Рахманова, Айжаркын Элеманова, Жаркынай Сейитбек кызы жана Алина Малик кызы Түркиянын белгилүү акындарынын чыгармаларын түрк тилинде жеткире көркөм окуп, угармандарга тил чеберчилигин көрсөтүп, жагымдуу маанай тартуулашты. Конкурста ырларды көркөм окуудан тышкары ырлар ырдалып, көрсөтүлгөн театралдык оюн көрүүчүлөр тарабынан кызуу кол чабуулар менен коштолду. Калыстар тобунун баалоосунун жыйынтыгында аталган иш-чаранын 1-орунду Бегалы Исак уулу, 2-орунду Салтанат Бейшенова, ал эми 3- орунду Алина Малик кызы ээледи. Конкурс катышкан бардык финалисттерге жана калыстар тобунун мүчөлөрүнө ыразычылык барачаларын ыйгаруу, каалоо-тилектерди билдирүү менен аяктады.

Аталган иш-чараны ишке ашырууда колдоо көрсөткөн Түрк тилинде көркөм окуу конкурсунун уюштуруу тобунун мүчөлөрүнө Зехра Өзтүрк, Сибел Баржын, Дөндү Сувейда Яман Таш, Мурат Атарга, театралдык оюуну менен иш-чарабызга көрк кошкон Театр оюуну комиссиясынын мүчөлөрүнө Гөлер Качар, Арзу Кият, Пелин Данышмант жана ошондой эле сүйүктүү студенттерибизге тереӊ ыраазычылык билдиребиз.