2022-04-20

«ЧЕТ ЭЛДИКТЕРГЕ КЫРГЫЗ ТИЛИН ОКУТУП-ҮЙРӨТҮҮДӨ КӨРКӨМ ТЕКСТ МЕНЕН ИШТӨӨНҮН ЫКМАЛАРЫ» ДЕГЕН ТЕМАДА СЕМИНАР БОЛУП ӨТТҮ.


18-мартта Чет тилдер жогорку мектеби тарабынан уюштурулган семинарлардын топтому (I) алкагында Тил үйрөтүү бөлүмүндө чет элдиктерге кыргыз тилин үйрөтүү маселесине байланыштуу «Чет элдиктерге кыргыз тилин окутуп-үйрөтүүдө көркөм текст менен иштөөнүн ыкмалары» деген темада, др. Фарук Гүндүн модераторлугу астында семинар уюштурулду. Семинарда др. Элмира Төлөкова аталган темада баяндама окуп, кыргыз тилин бөтөн тил катары окутуп-үйрөтүүдө көркөм тексттерди сабакта көнүгүү катары иштетүүнүн ыкмаларына токтолду. Баяндамачы сабакта көркөм тексттерди окутуу иши студенттердин сөз байлыгын арттырарын, сөздөрдүн синоним, антонимдерин, о.э. фразеологизмдерди кеңири үйрөнүүсүнө шарт түзөрүн, өтүлгөн грамматикалык материалдарды (жөндөмө, жак, таандык, чак мүчөлөрдү ж.б.) кепте туура колдонуп, сүйлөмдү туура түзүүгө көнүктүрөрүн, өз алдынча эркин ой жүгүртүп, текст боюнча түшүнгөнүн эркин айтып берүүгө машыктырарын баса белгиледи. Семинардын аягында Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрүнүн орун басары Салия Вайсканова бул баяндаманын окутуучулар үчүн пайдалуу болгон тараптарын белгилеп, др. Элмира Төлөковага ыраазычылыгын билдирди. Соңунда семинардын суроо-жооп бөлүгүнө орун берилүү менен, бул иш-чара жыйынтыкталды.