2022-04-25

ЧЕТ ТИЛДЕР БӨЛҮМҮНҮН КОЛДООСУ МЕНЕН УНИВЕРСИТЕТТЕР АРАСЫНДА «МАДАНИЙ ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРДҮ КОТОРУУ МАСЕЛЕЛЕРИ» ДЕГЕН ТЕМАДА СЕМИНАР ӨТКӨРҮЛДҮ.


Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин академиялык кызматташтыгынын алкагында 2022-жылдын 20 - 21- апрель күндөрү “Маданий өзгөчөлүктөрдү которуу маселелери” аттуу илимий-практикалык офлайн семинар уюштурулду. Семинар КТМУнун Чет тилдер жогорку мектебинин Чет тилдер бөлүмүнүн Aнглис тили координаторлугу жана К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Европа цивилизациясы факультети тарабынан ишке ашырылды. Семинарды уюштуруу милдетин Aнглис тили координатору Светлана Жээнбекова аткарды. Семинарды ачып берүү үчүн Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү  докт. Режеп Йүрүмез жана Европа цивилизациясы факультетинин деканы проф. Фатима Кадыркулова сөз сүйлоштү.

Семинар окутуучуларга пикирлер менен бөлүшүү, теманы талкууга салуу, тажрыйба алмашуу, бетме – бет баарлашууга шарт түзүлгөндүгү менен маңыздуу болду. Семинардын соңунда Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүр орун басары Салия Вайсканова жана Англис тили кафедрасынын башчысы Майрам Сатаровна Баяманова баяндамачыларга кызыктуу жана пайдалуу баяндама куруп бергендиктери үчүн терең ыраазылыктарын билдиришти. Семинар сертификат тапшыруу аземи менен аяктады.