2022-05-16

ТИЛ ҮЙРӨТҮҮ БӨЛҮМҮНДӨ БИЛИМ ТАЙМАШЫ ӨТТҮ.


Чет тилдер жогорку мектебинин Түрк тилин үйрөтүү координаторлугунун атайын комиссиясы тарабынан уюштурулган «Билим таймашынын» финалдык оюуну 2022-жылдын 12-майында өткөрүлдү. Билим таймашнын финалдык оюунуна 2022-жылдын 12-апрелинде өткөрүлгөн алдын ала тандоонун жыйынтыгында алдыга оозуп чыккан, 3 студенттен турган 4 тайпа, тагыраак айтканда эртеӊ мененки 303 жана 322-тайпалар жана түштөн кийинки 322 жана 420-тайпалар катышты. Университетибиздин Маданият борборунда өткөрүлгөн, катышуучулардын жана көрүүчүлөрдүн арасында кызуу кызыгууну жараткан таймашта студенттерге жалпы маданият, түрк тили жана Түрк дүйнөсү жөнүндө 20 суроо берилди.

Акыркы мүнөттөргө чейин теӊ тайлаша жарышкан тайпалардын арасынан эртеӊ мененки 303-тайпанын студенттери Нуриза Алимбаева, Насыйкат Акматова жана Айганыш Тажидинова 16 суроого туура жооп берип, 80 упай менен биринчиликти алышты.

 

Айдай Дүйшөнкул кызы, Назира Улукбек кызы жана Төлөгөн Сабирбековдон турган түштөн кийинки 322-тайпа экинчи, ал эми Периза Чолпонкул, Кызыбекболот Саттаров жана Адинай Курманбекова катышкан эртеӊ мененки 322-тайпа үчүнчү орунду ээледи.

Билим таймашында байгелүү орундарды ээлеген студенттерге жетишкендиктери үчүн сертификаттар жана ыраазычылык баракчалары Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү докт. Режеп Йүрүмез, мүдүрдүн орун басары Салия Вайсканова, Тил үйрөтүү бөлүмүнүн башчысы Фатих Башкапан жана Түрк тилин үйрөтүү координатору Ахмет Таш тарабынан ыйгарылды. Аталган иш-чара Даярдоо курсунун студенттеринин чакан театралдык оюну менен аяктады.

Даярдоо курсунун студенттеринин арасында салттуу түрдө уюштурулуучу билим таймашы студенттерибиздин жалпы маданият жана Түрк дүйнөсү тууралуу билимин жогорулатууга гана үндөбөстөн, таймашуу маданиятынын өнүгүүсүнө, студенттерибиздин бири-бири менен социалдашуусуна да салым кошуп келет.