2022-05-23

ЧЕТ ТИЛДЕР ЖОГОРКУ МЕКТЕБИНДЕ КАЙРЫМДУУЛУК АКЦИЯСЫ


Чет тилдер жогорку мектеби тарабынан 19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамынын урматына 2022-жылдын 18-майында университетибиздин башкы имаратынын бакчасында кайрымдуулук акциясы уюштурулду. Чет тилдер жогорку мектебинин окуутуучулук курамынын жардамы менен ишке ашкан бул кайрымдуулук акциядан чогулган акча каражаты «Учкун» микрорайону, Сатыбалдиева көчөсү №97 дарегинде жайгашкан "Айданек" жашы жете элек балдардын реинтеграция борборунда тарбияланып жаткан улан-кыздарга жумшалмакчы. Ректорубуз проф., докт. Алпаслан Жейлан, университетибиздин жетекчилери жана окутуучуларынын катышуусу менен өткөн иш-чарада студенттерибиз түрк маданиятынын даамдуу тамактары менен таанышууга мүмкүнчүлүк алып, Түрк дүйнөсүнүн музыкасынын коштоосунда шаӊдуу күн өткөрүштү.