2021-09-13

Алгач 2021-жылдын 28-июнунда өткөрүлгөн онлайн чогулуштун экинчиси 2021-жылдын 10-сентябрында Чет тилдер жогорку мектебинин Чет тилдер бөлүмүнүн башчысы докт. Фарук ГҮНдүн жетекчилигинде аталган бөлүмдүн окутуучулары менен өткөрүлдү.


2021-2022-окуу жылында аралыктан жана ошондой эле салттуу билим берүү маселелери талкууланган бул жыйынга Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү докт. Режеп ЙҮРҮМЕЗ, мүдүр жардамчысы Cалия ВАЙСКАНОВА, Чет тилдер бөлүмүнүн башчысы докт. Фарук ГҮН жана аталган бөлүмдүн координаторлору жана окутуучулары катышты.

Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү докт. Режеп ЙҮРҮМЕЗ ачылыш сөзүндө бөлүмдүн окутуучуларын алгач жаӊы окуу жылы менен куттуктап, 2020-2021-окуу жылында ишке ашырылган аралыктан билим берүү тажырыйбасына таянуу менен академиялык түзүм катары билим берүүнүн аралыктан же болбосо салттуу түрүндө болуусуна карабай жаңычыл методдорду пайдаланууга аракет кылаарын билдирди.

Кийинки сөздү алган Чет тилдер бөлүмүнүн башчысы докт. Фарук ГҮН катышуучуларды жаӊы окуу жылы менен куттуктап, 2021-2022-окуу жылынын күзгү семестринде аралыктан билим берүү үчүн даярдалган окуу видеолорун даярдаган окутуучуларга ыраазычылыгын билдирди. Айрыкча, бөлүм башчысы жазгы семестрда колдонулуусу пландаштырылган окуу видеолору жана сунумдарды даярдоо, заманбап методдорду жана ыкмаларды колдонуу тууралуу маалымат берди. Маалымат жыйынында салттуу билим берүү маселесине кайрылган бөлүм башчысы докт. Фарук ГҮН бөлүмдүн координаторлорунан жана окутуучуларынан жаӊы окуу жылында мурдагыдан дагы өндүрүмдүү жана ишине кылдат мамиле кылууларын өтүндү.

Чет тилдер бөлүмүнүн башчысы докт. Фарук ГҮНдүн берген маалыматынан соӊ сөздү Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүр жардамчысы Салия ВАЙСКАНОВА алды. Мүдүр жардамчысы Салия ВАЙСКАНОВА маалымат жыйынын уюштурган докт. Фарук ГҮНгө жана катышуучуларга ыраазычылыгын билдирип, каалоо тилектери менен сөзүн жыйынтыктады.

Суроо жооп менен улантылган маалымат жыйыны эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.