2022-06-03

Чет элдик студенттер үчүн бөлүмдү аныктоо сынагы тууралуу чогулуш болуп өттү.


2022жылдын 02-июнь күнү саат 13.00до университетибиздин Башкы имаратынын жыйындар залында түрк тилдүү жана боордош мамлекеттерден келген (Түркиянын жана Кыргызстандын жарандарынан тышкары) студенттер үчүн үстүбүздөгү жылдын 04-июнь күнү өтө турчу бөлүмдү аныктоочу сынак тууралуу суроо, каалоо жана ой-пикирлер менен бөлүшүү максатында атайын жыйын өткөрүлдү. Аталган жолугушууга Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү, Студентерди баалоо, тандоо жана жайгаштыруу борборунун башчысы жана Студенттик иштер башкармалыгына караштуу студенттик бөлүмдүн башчысы катышты. Жыйында сынактын өтө турчу жери, убактысы, сынакты тапшыруу ыкмасы, бөлүмдү тандоо процесси ж.б. у. с. темада маалымат берилгенден кийин, чогулуш иш-чарага катышкан студенттердин суроолоруна жооп берүү менен аяктады.