2021-09-14

Чет тилдер жогорку мектебибиздин мүдүрү Түрк тилин үйрөтүү борборунун (TTÖMER) мүдүрү менен жолугушту.


Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү, докт. Режеп ЙҮРҮМЕЗ Түрк тилин үйрөтүү борборунун (TTÖMER) Бишкектеги мүдүрү Али КЫЛЫЧ менен жолугушту. Аталган жолугушууга кошо катышкан Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүр жардамчысы Cалия ВАЙСКАНОВА, Чет тилдер бөлүмүнүн башчысы докт. Фарук ГҮН жана Тил үйрөтүү бөлүмүнүн башчысы Фатих БАШКАПАН Түрк тилин үйрөтүү борборунун (TTÖMER) Бишкектеги мүдүрү Али КЫЛЫЧты жаӊы кызмат орду менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалашты.

2021-жылдын 10-сентябрында болуп өткөн бул жолугушууда жаңы окуу жылында уюштурулуусу пландаштырылып жаткан иш-чаралар жана Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин башкы имаратында Түрк тилин үйрөтүү борбору тарабынан өтүлүүчү түрк тили курстары тууралуу пикир бөлүшүштү.