2022-05-30

ЭКИНЧИ ТҮРК ЫРЛАРЫНЫН КОНКУРСУ БОЛУП ӨТТҮ.

2022-жылдын 25-майында Чет тилдер жогорку мектебинин Тил үйрөтүү бөлүмү тарабынан түрк ырларынын экинчи конкурсу өткөрүлдү. Университетибиздин Чыңгыз Айтматов атындагы кампусунун Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында өткөн конкурс өзгөчө кызыгууну жаратты.

Алдын ала тандоолорго катышкан 45 студенттин арасынан финалга даярдоо курсунун студенттери Айзат Асанбекова - Асел Марат Кызы (дуэт), Айзада Рыспекова, Эгемберди Сүйүналиев - Мирай Максатова (дуэт), Айгерим Абдырахманова, Айкен Ражапбаева, Айзада Байит Кызы, Адинай Нуржадиева, Гулиза Нишанбаева, Асел Акматалиева өтүп, калыстар тобунун мүчөлөрү Көркөм өнөр факультетинин Музыка бөлүмүнүн ага окутуучусу Гөкхан Усал, Тил үйрөтүү бөлүмүнүн ага окутуучусу Этхем Билен жана Ден соолук, маданият жана спорт башкармалыгынын адиси Ирфан Гүрдал алдында мукам ырларды аткарышты. Бир жарым саат созулган программанын жыйынтыгында калыстар тобунун баалоосунун натыйжасында 1-орунду Адинай Нуржадиева ‘Aşk’ ыры менен жеңип алса, 2-орунду Айкен Ражапбаева ‘Mecbursun’ ыры менен жеңип алды. Ал эми 3-орунду ‘Birden Geldin Aklıma’ ырын аткарган Эгемберди Сүйүналиев жана Мирай     Максатованын дуэти ээледи.

Жеңүүчүлөргө сыйлыктарды программанын коноктору Гуманитардык факультеттин деканы проф., докт. Ахмет Беше, Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү докт. Режеп Йүрүмез жана мүдрдүн орун басары Салия Вайсканова тапшырды. Мындан тышкары, аталган конкурска катышкан бардык финалисттерге жана калыстар тобунун мүчөлөрүнө ыразычылык барачалары ыйгарылды. Аталган иш-чара даярдоо курсунун студенттеринин «Маска тагынгандардын сүйүүсү» аттуу театралдык оюну жана Түрк ырларынын биринчи конкурсунун жеӊүүчүсү Бурулай Ташполотованын аткаруусундагы «Жараладын жүрөгүмдү» аттуу түрк элдик ыр менен аяктады.