2021-10-04

Чет тилдер жогорку мектебинин кызматкерлери пикникке чыгышты.


Чет тилдер жогорку мектебинин Тил үйрөтүү жана Чет тилдер бөлүмдөрүнүн окутуучулары үй-бүлөлөрү менен биргеликте 2021-жылдын 25-сентябрында “Кыргызстан” санаториясына пикникке чыгып, салттуу билим берүү башталардан мурун дем-күч топтошту. Кооз табияттын койнунда окутуучуларыбыз үй-бүлөлөрү менен, оюн ойноп, саздын коштоосунда элдик ырларды угуп, күлкү-шаңга бөлөнүштү. Бөлүмдүн окутуучулары бул иш-чаралардын позитивдүү, оӊ таасир калтыргандыгын белгилеп, тез-тез өткөрүп туруу керектигине токтолушту. Пикник катышуучулардын эстеликке сүрөткө түшүүсү менен аяктады.