2021-10-01

Чет тилдер жогорку мектебинин онлайн жалпы жыйналышы


Чет тилдер жогорку мектеби 2021-2022-окуу жылынын ачылышына карата 2021-жылдын 24-сентябрында академиялык түзүмдүн окутуучулук курамы менен онлайн түрдө жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун ачылыш сөзүн алган Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү докт. Режеп ЙҮРҮМЕЗ бөлүмдөрдүн окутуучуларын жаӊы 2021-2022-окуу жылынын башталышы менен куттуктап, университетибиздин актуалдуу жаӊылыктарына жана ошондой эле СOVİD-19 илдетин алдын алуу иш-чараларына кеӊири токтолду. Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү докт. Режеп ЙҮРҮМЕЗдин сөзүн улай кезеги менен Тил үйрөтүү бөлүмүнүн башчысы Фатих БАШКАПАН жана Чет тилдер бөлүмүнүн башчысы докт. Фарук ГҮН академиялык кызматкерлерди жаӊы 2021-2022-окуу жылынын башталышы менен куттуктап, бөлүмдөргө тиешелүү маалымат менен бөлүшүштү.

Сөз кезеги Чет тилдер жогорку мектебинин окутуучуларынын каалоо-тилектеринен кийин Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрүнүн орун басары Салия ВАЙСКАНОВАга берилди. Өз сөзүндө ал маалымат жолугушуусу үчүн ыраазычылык билдирип, илдеттин жайылып кетүүсүн алдын алуу иш-чараларына көӊүл буруу керектигине токтолуп, сөзүн жыйынтыктады.