2022-11-15

ТАРЫХ ЖАНА АТА-БАБАЛАРДЫ ЭСКЕРҮҮ КҮНҮНӨ” КАРАТА ӨТКӨРҮЛГӨН ИШ-ЧАРА


9-ноябрь шаршемби күнү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Чет тилдер жогорку мектебинде “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө” карата иш чара болуп өттү. Иш чарада Чет тилдер жогорку мектебинин окутуучусу Джунусалиев Бакытбек “Адабият аркылуу тарыхыбызды таанып, ата-бабаларыбызды эскерүү” темасында сунум жасап, заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун жана Мукай Элебаевдин чыгармалары аркылуу кыргыз элинин тарыхы, улуттук баалуулуктары, нарк-насили жана тарыхка таасын из калтырган чыгаан инсандары тууралуу баян кылды. Семинардын  суроо-жооп бөлүгүнөн кийин Бакытбек Джунусалиевке ыраазычылык билдирүү менен, бул иш-чара жыйынтыкталды.