2023-01-20

RSC 004 КОДДУУ ОРУС ТИЛИ САБАГЫ БОЮНЧА ТИЛДЕН БОШОТУУ СЫНАГЫ БОЮНЧА МААЛЫМАТ


Катталуу үчүн кайрылуунун соңку күнү жана сааты: 2023-жылдын 25-январы, (Кыргызстан убактысы боюнча) саат: 17.00.

2022-2023-окуу жылында Чет тилдер жогорку мектебинин Тил даярдоо программасынын академиялык календарына ылайык, 2023-жылдын 29-январында өткөрүлө турган RSC 004 коддуу орус тили сабагы боюнча тилден бошотуу сынагына милдеттүү түрдө орус тилин окуусу керек болгон Кыргызстандын жарандары, тагыраак айтканда даярдоо курсунун жана ошондой эле бакалавр программасынын студенттери катыша алат.

Өткөрүлө турган сынакка катышкысы келген студенттерибиз 2023-жылдын 25-январына, (Кыргызстан убактысы боюнча) кечки саат 17.00 гө чейин тиркемедеги арыздын үлгүсүн толтуруп, кол койгон соң pdf же jpg форматында университет тарабынан берилген электрондук кутучадан (manas.edu.kg аталышындагы) ydb.rusca@manas.edu.kg электрондук дарегине жиберүүгө тийиш.

RSC 004 коддуу орус тили сабагы боюнча тилден бошотуу сынагы 2023-жылдын 29-январында 12.00 – 13.00 сааттар аралыгында онлайн форматта (кошумча маалымат электрондук кутучаларга жиберилет) жүзөгө ашырылат.

 

Эскертүү: Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Тил даярдоо программасы боюнча билим берүү жана сынак нускамасынын 10-статиясынын «б» пунктуна ылайык, тилден бошотуу сынактарынын жүйөө сынактары өткөрүлбөйт.