КТМУнун Кесиптик колледжинин студенттери техникалык саякатта
2025-04-11 | Жаңылык
БӨЛҮМДҮН МИССИЯСЫ
Экономика жана башкаруу программалары бөлүмүнүн миссиясы, Кыргызстан жана Орто Азия аймагында жумушсуздуктун алдын алуу, социалдык-экономикалык жана технологиялык өнүгүүсүнө салым кошуу максатында: адистик билими жогору, технологиялык билим жана жөндөмдүүлүктөрүн туура колдоно билген, жаратуучу, өзүнө толук ишенген, маданияттуу жана башкалар менен мамиле кура билген, кесиптик этикага ылайык мамиле жасаган кесиптик жана техникалык тармакта керектөөлөрдүү канаттандыра турган сапаттуу татыктуу кесип ээлерин даярдап чыгаруу.
КЕЛЕЧЕККЕ КӨЗ КАРАШЫ
Экономика жана башкаруу программалары бөлүмү - Кесиптик жана техникалык билим берүү тармагында жергиликтүү жана эл аралык деңгээлде жаңыланууларды үзгүлтүксүз колдонгон билим берүү мекемеси болууну көздөйбүз. Активдүү, ой пикирин бөлушө билген, жеке баалуулуктарга ээ жана адистиги боюнча мыкты кадрларды даярдап чыгарган, эл аралык денгээлде таанылган, жаны технологияларды үзгүлтүксүз колдоно билген, жаратуучу, маалымат алуучу жолдорду көрсөтө билген, өлкө ичиндеги ар кандай өнүгүү процесстеринде лидерлик ролго ээ болгон, чөйрөсү менен тыгыз мамиле кура билген жана бирдиктүү иштей алган ж.о.э. кийинки жашоосунда карьера жолдорун мыкты билген адистерди жетиштирүү жана жогору атаандаштык артыкчылыгына ээ инсандарды тарбиялоо жаатында алдыңкы Кесиптик Жогорку Колледж катары таанылуу.
БИЗДИН МАКСАТТАР
ЭМНЕ ҮЧҮН БИЗ?
• Практикалык билим: Теориялык билимдерден тышкары биз студенттерибиздин практикалык курстар аркылуу кесиптик тажрыйбага ээ болушун камсыздайбыз. Кыргызстандагы компаниялар менен кызматташуунун алкагында студенттерибизге стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүгүн сунуштайбыз.
• Практика мүмкүнчүлүктөрү: Биз студенттерибизге башка өлкөлөрдө, өзгөчө Түркияда стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүгүн сунуштайбыз.
• Тажрыйбалуу окумуштуулар, кызматкерлер: Биздин тажрыйбалуу окутуучуларыбыз студенттерибиздин ар тараптуу өнүгүүсүнө салым кошушат.
• Заманбап инфраструктура: Заманбап технологиялар менен жабдылган дарсканаларыбыз жана лабораторияларыбыз студенттерибизге эң жакшы окуу чөйрөсүн сунуштайт.
• Эл аралык кызматташуулар: Биз глобалдык көз карашы бар инсандарды тарбиялоо үчүн эл аралык кызматташтыкты ишке ашырабыз.
• Тил үйрөнүү мүмкүнчүлүгү: Студенттер англис тилин, ошондой эле түрк жана кыргыз тилдерин үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Доц.м.а.док.
Мурат Авжы
-Урматтуу жаштар,
Экономика жана башкаруу программалары бөлүмү катары биз тез өзгөрүп жаткан дүйнөлүк экономика жана башкаруу динамикасына ыңгайлаша алган, аналитикалык ой жүгүртүү жөндөмүнө ээ, улуттук баалуулуктарды баалаган жана коомго салым кошууну максат кылган жаштарды даярдоону максат кылабыз.
Биздин “Менеджмент”, “Экономика жана бухгалтердик эсеп”, “Маркетинг”, “Мектепке чейинки билим берүү” жана “Туризм жана мейманканаларды иштетүү” программалары эмгек рыногунун муктаждыктарына ылайыкталган окутууну сунуштайбыз. Биздин программалар теориялык билимди практикалык колдонуу менен айкалыштыруу аркылуу студенттерибизге кесиптик жөндөмдүлүктөрүн жогорулатууга шарт түзүшөт. Студенттерибиз Кыргызстанда, ошондой эле Түркияда стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Жыл сайын биздин эң ийгиликтүү студенттерибиз Кыргызстандын жана Түркиянын жеке компанияларында мамлекеттик, каржылык жана банктык мекемелерде стажировкадан өтүшөт. Көптөгөн студенттерибиз окууну аяктагандан кийин жеке фирмаларды ачышат же Кыргызстан жана Түркиядагы мекемелерде эмгек жолун башташат.
Назгүл Молдоболотова
Телефону: +996 (312) 49 27 65
Кошумча: 937
Кабинет: TEKM-27