Максаты:

Мектепке чейинки билим берүүнүн негизги максаты өмүр бою үйрөнүү кажеттүүлүгүн эске алуу менен бирге, маалымат дооруна жана иш турмушуна ылайыктуу жана учурда талап кылынган ыкма менен керектүү жөндөмдүүлүктү өрчүтүүгө багытталган кызматты сунуштоо болуп саналат. Ушундай жол менен окутулган студенттерибиз колундагы каражаттарды колдонуп, изденген, өлкөсүнүн жана кесибин өркүндөтүүгө салым кошууну каалаган, кесибине байланыштуу өзгөрүүлөрдөн артта калбай кабардар болуп, билимин тереӊдетип турган, жеке көз карашы бар жана өз алдынча чечим чыгара билген кадрлардан болушуна өбөлгө түзүүнү максат кылабыз. Мектепке чейинки билим берүү бөлүмү мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, жеке менчик мекемелерде, балдарды дарылоочу бейтапканалардын оюн бөлмөлөрүндө, дарыланып жаткан балдарга музыка, сүрөт, драма, гимнастика, компьютер боюнча билим берген, убактысын кызыктуу өткөрүү үчүн керектелүүчү материалдар (куурчак, кагаз менен иштөө, окуяларды жазуу) менен камсыз кыла алган, алгачкы медициналык жардамды көрсөтө алган кадрларды даярдоону максат кылат.Жалпысынан алганда, мектепке чейинки билим берүүбөлүмү илимий жана көркөм-өнөр иш-чаралары менен улуттук жана эл аралык платформада таанылган, жергиликтүү үрп-адаттарды жакшы билген, учурдагы муктаждыктарды канааттандыра алган, жаӊычыл, кесибине байланыштуу керектүү техникалык билимге жана жөндөмдүүлүктөргө ээ кадрларды даярдайт.

Максаттар:

Окутуу программасына балдардын өнүгүүсүнө жана аларга билим берүүгө байланыштуу теориялык жана практикалык сабактар кирет. Практикалык сабактарда кадимки жана өзгөчө муктаждыгы бар балдарды жеке жана топтун ичинде окутуу ыкмалары үйрөтүлөт.  Окутуу учурунда байкоо жүргүзүү жана практика бир учурда ишке ашат. Бул бөлүмдүн максаты эки жылдык кесиптик билим берүүнүн натыйжасында мектепке чейин билим берүү жана окутуу мекемелеринде, ооруканалардын бала дарылоо бөлүмдөрүндө балдарды толук кандуу өркүндөтүүгө багытталган билим берүү менен бирге музыка, сүрөт, драма, гимнастика боюнча да билим бере алган кадрларды даярдоо.

Мектепке чейинки билим берүү бөлүмүндө балдардын жөндөмдүүлүктөрүн, жүрүм-турумун, акылынын ар тараптуу өрчүшүнө  багытталган окутуу-үйрөтүү максат кылынган. Балдардын чыгармачыл ой-жүгүртүүсүн өрчүтүү жана иш-жүзүндө колдонуу аркылуу үйрөнүүсүнө өбөлгө түзүү үчүн, мотивация жана түрткү берүү маанилүүлүгүн түшүнүү болуп саналат. Бул бөлүмдүн дагы башка максаты- балдарды мектепке даярдоодо жана күнүмдүк жашоодо кездешүүчүкыйынчылыктарга кабылганда аларды оӊой жеӊе алышы үчүн туура ой-жүгүртүү жана өз алдынча чечим чыгарууга мүмкүнчүлүк берүү.

Студенттерибиз, кесиптик сабактарда алган теориялык билимдерин иш жүзүндө колдоно алышы үчүн бир аптада бир жолу билим берүү мекемелеринде практика өтөшөт.  Практика учурунда студенттерибиз керектүү жөндөмдүүлүктөргө ээ болгондон тышкары, иш турмушу кандай болорун көрө алат. Жөн гана үйрөнүү менен чектелбестен, ошол эле учурда иштөөнүн эрежелерин дагы мыкты өздөштүрүшөт.

Бул бөлүмдө эн мыкты студенттерди окутуп тарбиялоо максатында, балдардын физикалык, моралдык, таанып билүү жана психологиясын өнүктүрүүүчүн атайын окуу программалары иштелип чыккан.Бул базада балдардын психологиясы жана психикалык ден соолугу, атайын билим берүү, драма, музыка, көркөм чыгармачылык, байланыш, билим жана технология, баланын ден соолугу жана оорулары, үй-бүлө тарбиясы, балдар оюнчуктарын жасоо, оюн жана оюн материалдары, балдардын укугу, адабият сыяктуу сабактар атайын берилүүчү сабактар катары окуу программаларына киргизилген.Бөлүм сабактары  информатика, үйрөнүү жана үйрөтүү технологиялары, чет тили, негизги дизайн, жалпы психология сабактары менен толукталган.

2 жыл ичинде берилген билимде Ата мекен тарыхы, философия жана чет тили сабактары студенттердин маданият таануусун арттырууда. Милдеттүү түрдө чет тилдерден англис тили жана орус тили окутулса, каалоосуна жараша немисче, французча же кытайча билим берилүүдө. Математика жана технологияларды колдонуу сабактарынын жардамы менен студенттердин инженердик билими жогорулоодо.

Бүтүрүүчүлөр иштей ала турган мекемелер:

  • Мектепке чейинки билим берүү мекемелери
  • Балдарды кароочу күндүз иштеген мекемелер
  • Балдар үйү
  • Бала бакчалар
  • Башталгыч класстар
  • Балдар ден соолук борборлору
  • Өзгөчө билим берүү жана реабилитациялоо борборлору
  • Оюн бөлмөлөрү
  • Туризм жана спорт борборлорунун балдар ойноочу бөлмөлөрүндө
  • Балдар менен иштеген мекемелер жана уюмдар
  • Оюн борборлору жана оюн группалары

ЖОЖго сынаксыз түзмө-түз өтүү:

Түзмө-түз өтө ала турган 4 жылдык факультеттер:

  • Окутуу билимдери;
  • Мектепке чейинки билим берүү жана окутуу бөлүмү;
  • Мектепке чейинки педагогика бөлүмүнө;
  • Бакалавр бөлүмдөрүнө өтө алат.