Максаты:

Маркетинг программасынын максаты, жарнама, маркалаштыруу жана технологиялык маалымат жагынан үзгүлтүксүз өркүндөтүүгө ачык, креативдүү, активдүү, адамдар менен тез пикир алышуу жана байланышуу өнөрүнө ээ болгон бүтүрүүчүлөрдү даярдоо.

Өнүгүү мезгили:

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кесиптик жогорку мектебинин “Маркетинг” программасы, 2012-2013 окуу жылында окутула баштаган жана бириинчи бүтүрүүчулөрүн  2014-2015 жылдын аягында даярдаган . 

Программабыз эки жылдык болуп, билим берүү кыргыз жана турк тилдеринде жүргүзүлөт. Бир жыл даярдоо курсун ийгиликтүү аяктаган студенттер кесиптик билим алуу мезгилинде дагы англис жана орус тили сабагын ала алышат.Биринчи курсту ийгиликтүү аяктаган студенттерибиз жайкы семестрда Түркияда практика өтүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Бизнес сектору:

Маркетинг программасында; товарлардын бөлүштүрүлүүсү, стандартташтырылуусу, сатуу жана сатып алынуусу, товардын жеткирилиши жана сакталуусу сыяктуу маселелерде зарыл кадрлар даярдалууда. Бул себептен студенттерге максатталган рынок анализин, стратегиялардын аныкталышын, рынок  жана маркетинг изилдөөлөрү, марка, интернет маркетинг, эл  аралык маркетинг, сатуу менеджменти боюнча  билим берилет. Бүтүрүүчүлөрүбүз жеке сектордогу фирмалардын маркетинг бөлүмүндө, сатуу бөлүмүндө, маркетингдик изилдөө бөлүмүндө, жарнама жана эл аралык байланыш агенстволорунда, медиа фирмаларында, сатуу борборлорунда, электрондук соода фирмаларында, туризм агенстволорунда, отель менеджментинде, банктардын жана ар кандай фирмалардын кардарларды тейлөө бөлүмүндө сатуу кызматкери, сатуу өкүлү, изилдөөчүсү, кардар өкүлү болуп иштей алышат.

Түздөн түз бөлүмдөн бөлүмгө которулуу:

Маркетинг программасынын бүтүрүүчүлөрү түздөн-түз которулуу укугуна ээ болуп, студенттерибиз төмөнкү 4 жылдык факультеттерде билим алып, бүтүрүүчү боло алышат:

  • Коомчулук менен байланыш
  • Коомчулук менен байланыш жана реклама
  • Коомчулук менен байланышты башкаруу жана таанытуу
  • Коммуникация
  • Менеджмент
  • Экономика
  • Логистикалык башкаруу
  • Маркетинг
  • Реклама даярдоо жана коммуникация
  • Реклама жана коомчулук менен байланыш
  • Технология жана маалымат башкаруу
  • Эл аралык менеджмент
  • Эл аралык башкаруучулук
  • Эл аралык башкаруучулук жана соода
  • Эл аралык соода, Логистика жана башкаруучулук
  • Эл аралык соода
  • Эл аралык соода жана финансы
  • Эл аралык соода жана башкаруучулук
  • Эл аралык соода жана Логистика
  • Эл аралык соода жана Маркетинг