2024-12-13
2024-жылдын 12-декабрында Колледжибиздин Мектепке чейинки билим берүү программасынын окутуучусу Гүлзаада Абдралиева студенттери менен биргеликте залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө жана «Улуттук адабият күнүнө» арналган адабий эскерүү иш чарасын өткөрүштү. Иш-чарага катышкан колледждин мүдүрү Махмут Вурал сөз сүйлөп Чынгыз Айтматовдун дүйнөлүк адабияттагы ордун баса белгилеп жазуучунун экинчи өмүрү анын чыгармалары аркылуу түбөлүккө уланат экенин баса белгиледи.
Мектепке чейинки билим берүү программасынын студенттери Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөр аткарышып, «Бетме бет » чыгармасынан даярдалган сахналаштыруу — үзүндүлөрдү көрсөтүштү . Иш-чара концерттик программа менен коштолду.