2025-03-24


“Кыргызстандагы камсыздандыруу сектору” деген темада семинар өткөрүлдү


2025-жылдын 19-февраль шаршемби күнү, саат 16:00 КТМУнун Кесиптик колледжинин окутуучусу PhD Серхат ATMACA студенттер үчүн семинар уюштурду. Семинарга конок баяндамачы катары келген ATN Polis Sigorta ишканасынын башкы директорунун орун басары Махмут Куршад Өндеш “Кыргызстандагы камсыздандыруу сектору” деген темада семинар өткөрдү. Баяндамачы Кыргызстандагы камсыздандыруу тармагынын тарыхы, өткөн жана азыркы абалы тууралуу кыскача маалымат берди.
Иш-чаранын соңунда катышуучулардын суроолоруна жооптор берилди.