2025-04-23
2025-жылдын 14-апрелинде Автомобиль транспортун техникалык тейлөө жана оңдоо программасынын ага окутуучусу Мехмет Рүштү Чифтчинин жетекчилиги менен 1-курстун студенттери Кыргызстанда биринчи жолу ачылган "Autoreport Автоэкспертиза " автосервис компаниясына экскурсияга барышты. Сервис менеджери Селим бей автоэкспертизанын негизги процесстерин, колдонулуучу адистештирилген түзмөктөрдү жана кызмат көрсөтүүдөгү ыкмалары жөнүндө студенттерге кенен маалымат берди.